Милиция унаа менен алдамчылык кылганга шектүү жаранды кармады

Милиция унаа менен алдамчылык кылган шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-февралында М.Р. аттуу жаран шектүү адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Шектүү ишенимге кирип, Армениядан Хонда фит маркасындагы автоунаа алып келип берем деп алдамчылык жол менен 120 миң сомдук Фольксваген Гольф-3 автоунаасын өзүнө өткөрүп алган.

Андан кийин ал арыз ээсинин Фольксваген Гольф-3 автоунаасын 600 АКШ долларына жана 5 миң сомго үчүнчү жактарга сатып, убадасын аткарбай жүргөн жерин жашырган.

Аталган факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын каттоосунан өтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки иш козголгон.

Тергөө жана издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү учурунда борбор калаадагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык милициясынын экинчи бөлүмүнүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1996-жылы туулган Ө.А. кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ал жерде Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү СИЗО-1ге бир айлык мөөнөткө камакка алынды.

Мындан тышкары, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына шектүү Ө.А.га карата дагы арыз келип түшкөн.

Учурда кармалган жарандын борбордун аймагында жасалган кылмыштардын башка фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syrbek_90
2021-03-02 22:44:04
Суротун бекитбей дана коргозбойсунорбу ошондо башка жабыркагандар болсо коруп арыз жазышмак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан