Алманы баарыбыз жакшы көрөбүз. Андыктан жаз келери менен көчөт отургузуп, азыктандырып, жакшы мөмө бериши үчүн кам көрөбүз. Бирок ар кимибиз ар түрдүү ыкма менен алма багын өстүрүүгө аракет жасайбыз. Алма көчөттөрүн өстүрүү, туура кам көрүү боюнча SUPER.KG порталына багбан Бабур Маматов өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
- Базардан көчөт алууда эмнелерге көңүл буруу керек?
- Биринчи кезекте көчөттүн тамырына көңүл буруу керек. Оорубаган, жакшы болушу шарт. Өскөн чачы тамыр жана жоон тамыр, данектен өскөн, калемчеден өскөн көчөттөр болуп бөлүнөт. Ал илимий тилде кыйуу асты деп аталат. Көчөт тандоодо тамырын чымчып сыйрып көрүү керек ошол учурда тамыры ак болсо жаңы, эгер тамыры саргыч болсо ал шамалдап калган тамыр болуп эсептелет. Шамалдап калган тамыр өспөйт. Өссө дагы сапаты начар болуп калат.

- Алмаларды отургузуп жатканда аралыгы кандай болушу шарт?
- Алмаларды отургузуу системи: аралыгы сортуна, тукумуна жараша болуп бөлүнөт. Карлик, поли карлик жана бийик өсүүчү болуп. Карлик алмалар 1.5×0.80 сантиметр, 3-1 метр, поли карлик алмалар 3-4 метр, 4-5 метр, бийик өсүүчүлөр 4-6 метр, 6-8 метр аралыкта отургузулат. Отургузуу кубик жана шахмат түрдө болот. Эгин талаанын күн тийүү жана шамал жүрүү системине да көңүл буруу керек.
- Алмалардын кандай сорттору бар?
- Алмалар бышуу мезгилине жараша жайкы, күзгү, кышкы болуп бөлүнөт. Жайкы сорттордон ак налив, күзгү сорттордон рашида, кышкы сорттон голден. Старкримсон, симиренко деген сорттору базарда өтүмдүү.

- Отургузулган алма көчөттөрү канча жылдан кийин түшүм бере баштайт?
- Түшүм берип баштоосу сортуна жараша болот. Карлик алмалар тиккенден кийин бир жылдан кийин түшүм бере баштайт. Орто өскөндөрү 3-4 жылдан кийин, ал эми бийик өскөндөрү 6-8 жылдан кийин түшүм берет.
- Алманын көчөтүн кайсы айдан баштап отургузса болот?
- Алма көчөтүн отургузуу күзүндө жалбырактарын толук түшүргөндөн баштап эрте жазда бүчүр ойгонгонго чейин отургузса болот. Кыскача айтканда, алма багын уктап жаткан мезгилде отургузуу керек.

- Көчөт отургузгандан кийин ага кантип кам көрүү керек?
- Алма өстүрүүнүн бала өстүргөндөй эле түйшүгү бар. Мисалы, биринчи жылы отургузуу жана суу берүү. Экинчи жылы сугаруу, азыктандыруу. Үчүнчү жылы сугаруу, азыктандыруу жана кыйыштыруу иштери. Сугаруу иштери экиге бөлүнөт. Тамчылатып сугаруу жана жайпап арык аркылуу сугаруу. Тамчылатып сугаруу көп чыгым, аз түйшүк талап кылса, арык аркылуу сугаруу көп түйшүк, аз чыгым талап кылат. Азыктандыруу кадимки эле үй жаныбарлардын жана канаттуулардын кыктары же химиялык заттар аркылуу жүргүзүлөт. Кыйыштыруу, бутоо иштери да өтө чоң мааниге ээ. Туура форма берүү негизги максаты. Мөмө берүүчү жана өсүүчү бутактарды бири-бирине баланс түрүндө бутоо керек. Ошондо көчөттөр жакшы өсөт.