Бүгүн, 2-мартта президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Нур-Султан шаарындагы Ата Мекенди коргоочулардын эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы республикалык гвардиянын кол башчысынын коштоосу менен тизилип турган ардактуу кароолдон өтүп, эстеликке гүлчамбар койду.
Гүлчамбар койгондон кийин президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго бир мүнөттүк эскерүү менен таазим кылды.