Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында кылмышка шектүү каза болду. Териштирүү башталды

Чүйдүн Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камалып турган жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Кечээ, 2-март күнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында 1970-жылы туулган эркек киши эс-учун жоготкон абалда табылган. Ошол замат "Тез жардам" кызматы чакыртылып, текшерүү жүргөн.

Тийиштүү кызматкерлердин катышуусунда жансыз денеге карата медициналык экспертиза дайындалган.

Каза болгон жаран уурулук менен кармалып, 2 айга камакка алынган. Учурда териштирүү иштери башталды. Бул ишти ИИМдин жана Чүй ОИИББинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ишти иликтөө үчүн УКМКга өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aman_Mansurov
2021-03-03 12:58:14
Кантип эле ушул РОВД да жөн эле каза болуп калды. Милицияда адамдар себепсиз каза болоруна ишенбейм. Териштирип керек.
+3
Mister-XXX
2021-03-03 14:27:48
Aman_Mansurov,Териштиргендер кайра эле органда иштегендер болуп жатпайбы..Ооруп каза болду деп,дело жабылат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан