Чүй облусунун Панфилов районунда уурулукка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Панфилов РИИБине Кайыңды аймагынын тургуну К.Т. арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин телефонун базардан белгисиз жаран уурдап кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине 200-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 42 жаштагы И.М. аттуу Панфилов районунун тургуну кармалды. Шектүү аял райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүп берилди.