21-март - Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.
"Нооруз-2021 турнирине карата оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Буга карата командалар өз квотасына жараша 11-март күнү саат 17:30га чейин Улуттук спорт түрлөрүнө арыз тапшыруусу зарыл. Арыздар өз облусунун жетекчисинин колу менен бекитилиши керек. Ансыз арыздар кабыл алынбайт", - деп билдиришти федерациядан.
Коронавирус пандемиясынан улам былтыр Нооруз майрамына карата көк бөрү оюну өткөрүлгөн эмес.