Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынын белгилүү улакчысы Сейитбек Анарбек уулунун бутуна операция жасалды. Мындай маалымат улакчынын өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Былтыр ноябрда Ысык-Көлдө өткөн президенттин Кубогундагы үчүнчү орун үчүн "Жаш-Күч" клубуна каршы оюнда сол тиземден жаракат алгам. Ушундан улам тиземе 25-февраль күнү операция жасалды. Эми оюндарга бир жыл катыша албайм. Учурда абалым жакшы", - деди ал.
Президенттин Кубогунда "Сары-Өзөн" командасы үчүнчү орун үчүн болгон мелдеште "Жаш-Күч" командасын 9:1 эсебинде уткан.