Биз социалдык тармакта

Калкты биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн 11 мобилдүү бригада аймактарды аралайт

Өлкө аймагында биометрикалык каттоодон өтпөгөндөрдү каттоо үчүн 11 мобилдүү автобус ишин баштады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мобилдүү автобустар ушул жылдын 20-мартына чейин мамлекеттин 130 шаар жана айыл аймактарын аралайт. Биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоо менен референдумдарда добуш берүүнүн аныктыгы камсыздалат. Аталган автобустар БШК жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан уюштурулган.

БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери калкка төмөнкүдөй жардам көрсөтүшөт:

  • биометрикалык маалыматтарын каттоодон өткөрүүгө;
  • паспортун алмаштыруу үчүн документтерин берүүгө;
  • туруктуу жашаган жеринде каттоодон өтүүгө;
  • электрондук санарип кол тамгасын алууга.

Ошондой эле жарандар 1255 Call-борборуна чалып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берсе болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан