Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага мэр Эрнисбек Ормоков, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мекеме-ишканалардын жамааттары жана шаар тургундары катышты.
ИИМдин ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы бөлүгү тарабынан оркестрдин коштоосунда туу аянтка алып келинди.
Иш-чарада калаа башчысы мамлекеттик туунун маанисине токтолуп, бул күн патриоттуулукка үндөй турганын айтып, жаштарды мекенин сүйүүгө чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitiev1210
2021-03-03 10:34:41
Кыргызстандын туусу дайыма бийикте желбирип турсун, майрам кут болсун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан