Биз социалдык тармакта

Салык кызматы: "Эки айда 5 миллиард 600 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды"

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-февраль айларында 5 миллиард 600 миллион 1 миң сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Белгиленген план 102,8 пайызга аткарылды же 150 миллион 1 миң сомго көп жыйналды. 2020-жылдын эки айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 343 миллион 9 миң сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 106,5 пайызды түздү", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда ушул жылдын февраль айында 3 миллиард 80 миллион 6 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. План 30 миллион 3 миң сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 210 миллион 8 миң сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 107,3 пайызды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-03-03 14:04:53
Жакшы иштесеңер 3 эсеге өсүш керек чиновниктер төлөшпөйт,бул өтө эле аз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан