Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Борбор калаага 1 миллион 500 миң даана гүл отургузулат"

Бишкек шаардык мэриясында биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жыйында "Бишкек жашыл чарба", "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларынын 2021-жылга карата иш планы каралган.

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Дербишевдин айтымында, бул жылы 9 миң 264 жазы жалбырактуу дарак, 2 миң 622 ийне жалбырактуу дарактар жана 3 миң 600 бадал отургузуу пландалды. Ошондой эле иш планда 3 миң 930 даана роза отургузуу каралды. Бул жылы бир жылдык себилген 400 миң даана гүл өнүп калды.

Жакынкы күндөрү шаардагы күзүндө отургузулган жоогазындар гүлдөйт. Андан соң 1 миллион 500 миң даана бир жылдык гүл отургузулат. 2021-жылы 15 гектар аянтта газон курулат.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Чолпонбаевдин айтымында, 16,5 чакырым узундуктагы 27 кыска көчөнү оңдоп-түзөө пландалууда. Мындан тышкары 2020-жылы башталган 9 көчөнү ондоо иштери аягына чыгат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан