Биз социалдык тармакта

Бишкекте Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Улуттук намыс” уюму жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрөт.

Анда улуттук кийимдердин парады болуп, бул күнгө арналган салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулат. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп, ага ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Улуттук кийимдердин парады “Ала-Тоо” кинотеатрынан башталып, “Ала-Тоо” аянтына чейин созулат.

Салтанаттуу иш-чара 4-март күнү саат 10:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан