Сокулукта асынып алган окуучу шайыр, активдүү, спорт менен машыккан кыз болчу. Акыркы учурда анын жүрүм-турумунда өзгөрүү байкалган эмес

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 9-класстын окуучусу спорт залда асынган абалда табылган.

SUPER.KG порталы Сокулук районунун социалдык өнүгүү башкармалыгы менен байланышып, толук маалымат алды.

Аталган башкармалыктан кыздын үй-бүлөсү алардын каттоосунда турбаганын билдиришти.

"Социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган эмес, анткени кыздын үй-бүлөсүнүн жашоо шарты жаман эмес. Кыздын ата-энеси ажырашып кеткенине байланыштуу ал кичүү иниси менен таенесинин колунда тарбияланып келген. Ал эми ата-энесинин башка үй-бүлөлөрү бар. Бирок кыздын өз апасы аларга жакын жашагандыктан, кызына бат-баттан келип турчу экен. Таенеси орто кирешеси бар үй-бүлө, эч жерде каттоодо турган эмес", - деп билдиришти.

Мугалимдеринин айтымында, кыз мектепте жакшы окуган активдүү окуучулардын катарын толуктачу.

"Ал адамдар менен бат тил табышып, бат эле аралашып кетчү. Спорттун таэквондо түрү менен машыгып келген. Ыр дагы жазып көптөгөн сынактарда жеңүүчү болгон. Бул кыз менен болгон кырсык баарын таң калтырды. Анткени эч ким буга чейин шек санай турган көрүнүштөргө же кыздын өзүн алып жүрүүсүндө өзгөрүүнү байкашкан эмес. Учурда социалдык бөлүм аталган үй-бүлөнү көзөмөлгө алды, алар менен психологдор иштейт", - деп билдиришти башкармалыктан.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери сөөктү визуалдык түрдө карап чыгып, анда денеден аркан изинен башка бөтөн издердин табылган эместигин кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан