Чоң эненин жанында өткөн балалык, окуу жайдан тапкан махабат, кокусунан диктор болуу. Кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытов 71 жашка толду

Кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов бүгүн, 3-мартта 71 жашка толду. SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.

"Эртең менен КТРКнын "Замана" студиясы конокко чакырып барып келдим. Эми азыр бир уулубуздун үйүнө барабыз. Бир туугандарым, балдарым, куда-сөөктөрүм ошол жерге чогулуп жатышат. Кудай буюрса, 71 жашты жакындарымдын курчоосунда эле белгилейли деп турабыз. Чоң рахмат силерге чалып куттуктаганыңар үчүн", - дейт Мамытов.

Чоң эненин тарбиясын алып, Алмалууда өткөн балалык...

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу болуп, чоң энесинин колунда чоңойгон. Бала чагынан эле китепке болгон сүйүүсү күчөп, айылдагы кичинекей китепкананын китептерин 2-3 сыйрадан окуп чыккан. Жүрөгүнүн тээ түпкүрүндө акындыкка болгон кызыгуу жатса да алгач ата-энесинин кеңеши менен айыл чарба институтуна тапшырган. Бирок сынактан кулап калат. Кийинки жылы өзү каалаган Улуттук университеттин филология факультетине окуу үчүн барып өтпөй калган. Ошентип өжөрлүк менен окууга тапшыруу үчүн төрт жыл тынымсыз аракет кылып жүрүп, өзү каалаган окуусуна өткөн.

Окуу жайдан тапкан махабат...

Бактыбек Мамытов арзып жүргөн махабатын окуу жайдан тапкан. Экзамен учурунда көп кыздын арасынан көзүнө көрүнүп, көңүлүнө жаккан кыздын аты Жамиля болгон. Бактыга жараша, экөө бир тайпада окуп калышат. Кийин студенттерди Нарынга айыл чарба жумушуна жөнөтүп, ал учурда Бактыбек Мамытов тайпанын старостасы болгон. Түгөйлөр дал ошол жактан бири-бири менен таанышып, табышып, баш кошушкан. 48 жылдан бери түтүн булатып келе жаткан жубайлар 2 кыз, 3 уулдун сүйүктүү ата-энеси.

Дикторлукка кокусунан келип калган...

Азыр заман талабына ылайык, алып баруучу, дикторлукка окуткан атайын курстар бар. Мурда бул өңдүү даярдаган окуулар жок болгондуктан диктор болуу Бактыбек Мамытовдун үч уктаса түшүнө кирген эмес. Алгач радиого баяндама жасап, ал радионун жамаатына жагып тагдыр буюруп иштеп калат. Ал учурда Бактыбек Мамытов 21 жашта болгон. Кийин "Телеге диктор керек" деген жарнаманы көрүп калып, барып эле сынактан өтүп кетет. Ошентип ар кандай берүүлөрдүү алып барып жүрүп, кийин "Арноо концертинин" алмаштырылгыс дикторуна айланган. Бир нече жылдан бери кыргыз телесинин жүзү болуп келе жаткан диктор учурда дагы КТРКда эмгектенип, азыркыга чейин көрөрмандар күтүп көргөн "Арноо концерти" берүүсүндө редакторлук кызматты аркалап, алып барып келет.

Үзүрлүү эмгектин бааланганы...

Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган.

Бактыбек Мамытовдун калемине таандык ырларга обон жазылып, эл арасында да ырдалып келет. Алардын бири Кыргыз Республикасынын Эл артисти Улукмырза Полотов обон чыгарган "Айылыма" аттуу төмөндөгү ыр.

Алмалуунун аязында, аптабында,
Ал турсун топурак чаң, баткагында.
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен балким, түшүнбөгөм жаш чагымда.

Атама, апама окшош айылымсың,
Андыктан, бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыстап тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылаар байырымсың.

Көкөйдө ата-энемден айрылганым,
Көп болду ата-энем деп кайгырганым.
Кээде бир келип калсам тобо кылам,
Анткени, ата-энемдей айылымдамын.

Адаммын, айылымдын тамчысымын,
Ата-энемдин артында жарчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын!

3-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Haanykeim
2021-03-03 14:00:09
Арноо концертти соонун алып барышат, Гүлшан эже экөөнү кичинемде ойлойт элем аялы деп..Өмүрүңүз узун болсун..
+2
Rachki
2021-03-03 14:39:47
Бар болуңуз, көп жашаңыз. Мен жакшы көргөн, сыйлаган инсандардын бирисиз.
+3
kun-nuru
2021-03-03 15:41:21
Дагы деле жапжаш бойдон омурунуз узун болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан