Ошто "Аллаху акбар" деп кыйкырып, ок атышкан өспүрүм балдар 5 айдан кийин кармалды

Буга чейин социалдык тармактарда “Аллаху акбар” деп кыйкырып, ок атуучу куралдан ок атышкан балдардын видеосу тараган, алар 5 айдан кийин кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чаралардын натыйжасында, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралдан ок аткан өспүрүмдөр Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын тургундары 17 жаштагы К.Б. жана И.Р. экендиги аныкталган. Кароо учурунда шектүүлөрдөн бир даана 12 калибирлүү Х 3575818 Е сандуу кундагы жок куралы алынган. Ошондой эле видеого түшкөн балдар жакындарынын катышуусунда тергөөгө чакыртылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө: 2020-жылдын сентябрь айында кундагы жок куралды жана 1 даана окту үйүнөн алып чыгып, 17 жаштагы балдар айылдаш достору менен уюлдук телефонго видео тартышкан. Анда ок атуучу куралынан К.Б. ок чыгарган. Ал эми Р.И. “Аллаху акбар” деп кыйкырып үн салган, досу Д.С. телефонго видео тартып тургандыгы аныкталган. Бирөөсү видеону WhatsApp тиркемеси аркылуу досторуна жиберип, андан ары интернет тармагына тарап кеткендиги белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Agayu
2021-03-04 02:59:25
Дин бул политика средневековой политика .Азыр мыйзам укук деген заман .Бирок динди жинди кылбаш керек .Духовный жактан жакшы .Канча Адам жаралса : ошончо адамдын психологиясы Мееси ар кандай. Чын чынына келгенде тарых да так жазылган эмес .Ар Ким окшоштуруп : ой жугуртуп жазышкан .
+1
Gulina90
2021-03-04 05:24:53
Кудай сакта,тоо десе бээ дейтко коменттер,балдар жаштык кылып эптеп өзүн тааныткысы келген да кутурушуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан