"Нурик, родной бактылуу бол" деп айтып, асманды карай ок аткан баланын иши өндүрүштөн кыскартылды

2020-жылдын август айында үлпөт тойдо "Нурик, родной бактылуу бол" деп айтып, асманды карай тапанча менен ок аткан баланын видеосу интернетке тараган. Ал бала укук коргоо органдары тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң чыгарылган.

Бүгүн, 3-мартта Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан аталган окуя өндүрүштөн кыскартылганын билдиришти.

"Баланын ата-энесине жана өзүнө түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлүп, иш өндүрүштөн кыскартылган", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин интернетте үлпөт тойдо "Нурик, родной бактылуу бол" деп айтып, асманды карай тапанча менен ок аткан баланын видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан