Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы эски аянтта өлкөдөгү медициналык мекемелерге унаа тапшыруу аземи өтүүдө. Аземге саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы катышып жатат.
"Бардыгы болуп 15 унаа тапшырылды. Аларды биз Бүткүл дүйнөлүк банктын жардамы менен тапшырып жатабыз. Биз бул ирет тоолуу аймактарга көп басым жасап, унааларды ошол райондорго тапшырууну чечтик", - деди Бейшеналиев өз сөзүндө.
Унаалар төмөнкү облустарга бөлүнүп берилди: 1. Баткен, Талас, Чүй облустарына - 1;
2. Нарын жана Ысык-Көл облусуна - 2;
3. Ош жана Жалал-Абад облусуна - 3;
Ошондой эле Мамлекеттик транспорттук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна 2 унаа берилди.