"Колунда жашы жете элек балдары бар". Бишкек шаардык соту Камчы Көлбаев боюнча маалымат таратты

Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаев эмне себептен эркиндикке чыгарылганы боюнча маалымат таратты.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Камчы Көлбаевдин туруктуу жашаган жери жана колунда жашы жете элек балдары бар. Ошондой эле сотко шектүүнүн тергөөдөн жашыра турган же тергөө ишине тоскоолдук кылуу ниетин көрсөткөн далилдер келтирилген эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Камчы Көлбаев кечээ, 2-мартта Бишкек шаардык соту тарабынан эркиндикке чыккан. Ал эми УКМК Камчы Көлбаев келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык болгонун шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49 миллион 600 миң сом которушканын билдирген.

Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин, 2-ноябрда №47 абакка которулган. Кечээ, 2-мартта ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыкты.

Соңку кабарлар: Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалышы мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kanybekov94
2021-03-03 15:27:42
Балдарын эмизгенге киши жок дебептир да биротоло
+28
Belek1710
2021-03-03 15:34:42
Колунда жашы жете элек балдары барбы же 250млн. сомдон ашык акчасы барбы, тоок уурдап кармалгандардын балдары жок бекен!?
+17
Chungyz
2021-03-03 15:40:14
Келиндер деле жатат турмодо балдары менен
+34
nargiz-sa
2021-03-03 15:41:00
Биздин соттор өтө "гумандуу" соттор. "Даңк" жана "дүңк"
+22
Urmat78
2021-03-03 16:16:19
Суттон ак экен билбей кармап алышыптыр.Кайра кечирим сурап узатып коюшту
+21
Tursunbaev1978
2021-03-03 16:31:07
Вордун үй-бүлөөсү болбош керекко?
+15
CAPATAH
2021-03-03 16:43:24
Соту соттой,вору вордой болсочу
+15
amirrus
2021-03-03 16:59:36
Кыйла кылат го сотторго чыгарбаса Камчы
+14
Syrbek_90
2021-03-03 17:41:38
Башкаларында жаш балдары бар алардыда чыгарып иргиле анда акчасы барларды эле чыгара бербей
+14
KaGaH
2021-03-03 19:26:55
Жашы жете элек 2 баласын билем, Чыңгыз дөө, Ильяс
+8
Asmat84
2021-03-03 20:00:10
Эээ соттор убагы келгенде өзүңөр камалып кетпегиле
Бииииир жылдары да бир ошондой аптартетту адамды чыгара коюшуп ажобуз баш болуп бирин бири тартып кирип кетишти эле
+6
algakaray
2021-03-03 20:47:37
Кулкуну жаман келтирип, соз жок да соз жок да. Ким ишенет эми ушу созго Карапайым адамдардын эле шору айлап, жылдап жатат байкуштар.
+6
kasi25
2021-03-03 20:58:08
Жашасын сот!
+5
Rachki
2021-03-03 21:48:54
"Пулун болсо, кулуңмун" дегенден болуп калыптыр да сотторубуз
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан