Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында жаан жаайт. 4-мартка карата аба ырайы

Эртең, 4-мартта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл облусунан башка бардык жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +10...+15,

Чүй, Талас дубандарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +9...+14,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...+4,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -4...-9 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түндө -1…-3, күндүз +12…+14 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан