Жогорку Соттун Сот департаментинин статс-катчысы коррупциялык схемаларды түзгөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы департаменттин кызмат адамдары сот аткаруучу кызматтын бөлүмдөрү үчүн "Сот тутумунун карызкорлорунун реестри" автоматташтырылган маалыматтык системин, ошондой эле башка программаларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча формалдуу түрдө тендер өткөрүп, IT-компаниялар менен 4 миллион 84 миң 500 сомго жасалма келишим түзгөнү аныкталды.
"Бирок айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, ишке ашырылган. Буга карабастан Сот департаментинин кызмат адамдары IT-компаниялар менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип, жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим түзүшкөн. Бөлүнгөн каражатты алышканы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин коррупция боюнча Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар башкармалыгынын жетекчиси С.К.А. кармалган.