Баткен облусунда контрабандалык жол менен ташылып келе жаткан мандарин жүктөрүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"26-февраль күнү УКМК Баткен облусуна коңшу республикалардын биринен жалпы салмагы 6 тонна 200 килограмм мандаринди аткезчилик жол менен ташылышынын алдын алды", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда бул фактыны процесстик каттоодон өткөрүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын органдарына өткөрүп берилди.