Бишкекте 148 милиция кызматкери окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1-5-9 жана 11-класстарына жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда атайын балдар үчүн чыгарылган анимациялык сүрөттөр, журналдар жана балдардын ойлонуусуна, эстеп калуусуна түрткү берген сүрөттөр таратылды.

"Мындан сырткары, башталгыч класстын окуучулары менен өзүнүн коопсуздугун кантип сактоо керек, жөө өтмөктөн кайсы учурда өтүү керек жана жөө адамдар билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу маек курулуп, жолдо жүрүүдө өзүн алып жүрүү маданияты тууралуу ой пикир алмашуу жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаары боюнча 101 жалпы билим берүүчү орто мектептерге жалпысынан 148 кызматкер бекитилип, мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылып жаткандыгын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан