Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту жоюу максатында иш-чара өтүүдө

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарынын №7 мектебинде өспүрүмдөр арасында "Мен бактылуу балалыкта жашагым келет" аталышындагы укуктук-маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту жоюу жана топтошуп мушташууларды болтурбоону максат кылган.

"Иш-чара учурунда азыркы мезгилде көйгөй жаратып жаткан миграция маселеси талкууга алынып, өспүрүмдөрдүн катышуусунда турмушту чагылдырган атайын сценарийдеги спектакль уюштурулду. Мындан тышкары, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик туу күнүнө карата тарых туурасында окуучуларга сабактар уюштурулуп, ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңештер айтылып, ачык маектер өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан