Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт

4-мартта Бишкектин Ак-Бата, Ак-Жар жана Келечек конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

"Жаз-жай мезгилине даярдануу максатында Ак-Бата, Ак-Жар суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу 4-мартта эртең мененки саат 9дан баштап ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Саат 17:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында, анын ичинде: №43, №87 мектептер, №21 муниципалдык аймактык башкаруу имараттарында дагы таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Жаңы конуштардын жана социалдык-маданий объектилердин бардык жашоочуларына МТУ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу ичүүчү суунун өчүрүлүшү жөнүндө кошумча эскертүү берилет", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан