УКМК: "Баткенде 40 тонна күйүүчү майларды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен жүк ташуучу унаалар кармалды"

Күйүүчү жана майлоочу майлардын аткезчилик жол менен ташылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 1-мартта Баткен облусунун Лейлек районунан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен 4 жүк ташуучу унаа кармалды.

"Такталган боюнча, кармалган унаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын аты-жөнүн тактаган документтери болгон эмес. Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон.

Белгилей кетсек, коңшу республикалардын биринин жарандарына таандык кармалган унаалар аткезчилик ишин жашыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик номерлерин мыйзамсыз колдонушкан. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкөдөн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынганына байланыштуу республика боюнча аткезчиликке каршы жигердүү күрөшөбүз", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
salimbek87.kg
2021-03-03 18:50:37
Лейлекте өзү күйүүчү май жетишсиз болуп жатканда кантип эле ташып баратты экен Тажикстанга.
+7
Kubat77
2021-03-03 19:05:26
Баткенге жыл бою эле ташылат ко
+6
Ulan899
2021-03-03 19:27:23
Камчыкенин бензовоздоруна духунар жетпейтда ээ.Дагын эле жалан кара чапанды кармап жатасынар резултатка.
+8
Palpa
2021-03-03 19:35:53
Сабыр кылайлы элим коч бара бара тузолот.Аллах атка минерлерге ыйман берсин.
+7
Asmat84
2021-03-03 19:36:55
Камчыкенин бутуна чалынгандарды кармап атышат окшойт. Конкурент болгондорду. Ачык эле бензовоздор кетип атат го аларды кармай албай атышабы
+11
Assa0000
2021-03-03 19:49:24
Кыргызстандын номерин ойунчуктай эле тагып журушсо ушундай денгээлге тушуш УЯТ.отура бергиле оозунарды ачып тагып алыптыр деп.азыр тагып алса эртен тыгып алат
+8
Zhazgul8
2021-03-03 20:42:24
Оа бизнесине бут тоскондорду ,жок кылтат. Эл ошон учун озунорда козомолдогуло, жалан эле эски камаздаргооо.Чон 4о тонналык вензавоздор корунбойтгоооо
+3
bond02
2021-03-03 22:01:37
Фуралар корунбой жатабы кичине болуп.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан