Бүгүн, 3-мартта футбол боюнча Казакстан Суперкубогунун жарым финалында "Кайрат" клубу менен "Тобол" клубу кез келди.
Бул оюнда белгилүү кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов оюндун 90-мүнөтүндө укмуштуудай соккусу менен эсеп санын 3:3кө айлантты. Оюн пенальтилер сериясына чейин жетип, анда "Тобол" командасы 4:2 эсеби менен жеңип, финалга жолдомо алып кетишти.
Гүлжигит Алыкулов мындан тышкары бул оюнда бир жолу голдук пас чыгарып берген.