Ош шаарындагы Салиев көчөсү 300гө жакын мыйзамсыз курулуштардан тазаланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган шаардагы мыйзамсыз курулуштар алынып, тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
"Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынууда. Ошондой эле аймактагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Азык-түлүк дүкөндөрү да алынып жатат. Салиев көчөсү 300гө жакын мыйзамсыз курулуштардан тазаланды", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Мындан тышкары муниципалдык унаа токтоочу жайлар да курулууда.