Жогорку Кеңеште архивдик документтердин сакталышын камсыздоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды.
Депутат Наталья Никитенконун айтымында, мыйзам долбоору ведомстволук жана мамлекеттик архивге кабыл алынган архивдик документтерди мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы үчүн сакталышын жана көп жолу пайдаланылышын камсыздоо максатында иштелип чыккан. "Архивдик документтерди каттоонун, сакталышын, алардын пайдаланылышын камсыздоонун эрежелерин бузгандыгы, ошондой эле архивдик документтерди айрып же мыйзамсыз жок кылгандыгы үчүн айып салуу сунушталууда", - деди депутат.