Эртең, 4-мартта Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдык боюнча өкмөт маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Буга чейин өкмөттүн маалыматы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде угулган.
Бул маселе 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында каралмак, өкмөт өкүлдөрү Орусияга иш сапарлары менен кеткендиктен маалыматты угуу башка күнгө жылдырылган.