Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште спорт жаатындагы юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзам долбоору каралды

3-мартта Жогорку Кеңеште спорт жаатындагы юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзам долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору спорт жаатында иш алып барган юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоону жөнгө салууга багытталган. Жыйында айтылгандай, Кыргыз мамлекетинде 300дөн ашуун спорттук федерация иш алып барат. Алардын 77си гана бирдиктүү реестрде катталган.

Талкуу маалында депутат Умбеталы Кыдыралиев олимпиада оюндарына карата кыргыз спортчулардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулушу шарт экенин билдирди.

Эскерте кетсек, быйылкы олимпиада оюндарына 6 лицензия алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан