Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ошондой эле өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур да болгон эмес. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ал эми бир суткада стационардан – 0, үй карантининен - 4 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4 миң 205 учур катталса, алардын ичинен 4 миң 190 медицина кызматкери сакайган.