Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасынан жер семирткич, пиломатериал жана канаттуунун этин мыйзамсыз ташып кирүү аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Белгилү болгондой, "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 40 тонна аммофос (жер семирткич), 20 тонна водоэмульсия, 19 тонна чала фабрикат, 20 тонна тоок этинен фарш, 20 тонна канаттуунун этин алып өтүү аракети аныкталды.
"Андан тышкары "Чалдовар" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 70 куб метр пиломатериалдын, "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 20 тонна полиэтилен мыйзамсыз ташылып кирүүсү аныкталды. Импорттоочулардын бардыгында коштоочу документтер жана товарды ташууга салык органынын маалымкаты болгон эмес.
Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүп берилди", - дешти мекемеден.