Бишкекте унаа уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Ленин РИИБине А.Ч. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 26-февралдан 27-февралга караган түнү Фучик көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанында токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене "унаа уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган А.Ж. жана 1995-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Уурдалган Хонда Фит унаасы ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан