"30 миң сом талап кылган". Сокулук районунун мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды

Пара талап кылган деген шек менен Сокулук районунун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Маалыматка караганда, Финполго Б.Т. аттуу жаран кайрылып, аталган бөлүмдүн кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү документтерге каттаганы үчүн андан 30 миң сом талап кылганын айтып, чара көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене "(пара талап кылуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Аталган кылмышка шектелип, Р.Р. аттуу бөлүм башчы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалашты.
Финпол: "Сокулук районунун аймактык архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан