Биз социалдык тармакта

Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборундагы оңдоп-түзөө иштерине 22 миллион сомдон ашык акча каржыланды

Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун оңдоп-түзөө иштери уланууда. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын август айында башталган. Аталган объект 160 орунга ылайыкталган.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 22 миллион 500 миң сом каржыланды.

Азыркы тапта жылытуу системи толугу менен жаңыланып, электр тутумдарын, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрүн орнотуу аягына чыкты. Учурда имараттын ички жасалгасына байланыштуу жумуштар кызуу жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан