Талас облусунун тургундары мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен милицияга тапшырууда. Бул тууралуу Талас ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келишет. Аталган иш-чаралардын жыйынтыгында, эки тургун алты даана ок атуучу куралын тапшырды.
Ошондой эле Талас ОИИБи ар бир жаран өз ыктыяры менен мыйзамсыз сакталып турган ар кандай ок атуучу куралдарын милицияга өткөрүп бере аларын жана аларга акчалай сыйлык берилерин кошумчалашты.