Биз социалдык тармакта

Ош шаарында "Жибек Жолу 2021" көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында "Жибек Жолу 2021" эл аралык он жетинчи көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, район башчылары жана ишкерлер келип катышты.

"Вице-мэр Эмил Шадыханов эл аралык маанидеги ири адистештирилген жарманкелерди өткөрүү Ата Мекендик жана чет өлкөлүк компаниялар үчүн бизнес-аянтча катары, түштүк борбордун өнүгүшүнө чоң салым кошот деп билдирди.

Жалпысынан 20га жакын эл аралык компаниялар айыл чарба багытына керектүү жана ар кандай продукцияларын жарманкеге алып чыгышты", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Белгилей кетсек, көргөзмө-жарманке эртең, 5-мартта жыйынтыкталат. Иш-чара "Жер Азыгы" Кыргызстан агроишкерлеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан