Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаровдун талкаланды делген баракчасы 9 жылдан бери иштейт

Социалдык тармактарда депутат Дастан Бекешевдин жаңы Конституцияны сынга алган видеосу тараган. Facebook социалдык түйүнүндөгү видеонун алдына Садыр Жапаров аттуу колдонуучу “Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын – помощник”, - деген пикир жазган.

Бул пикир колдонуучулардын кызуу кебине алынып, азыр да комментарийди ар тараптуу талкуулагандардын аягы суюла элек.

Мындан улам Factcheck.kg Садыр Жапаров аттуу колдонуучу тууралуу маалыматты текшерип чыкканын маалымдады.

Басылманын маалыматында, баракчага алгачкы сүрөт 2012-жылдын 25-декабрында жарыяланган.

Анда аккаунт 9 жылдан бери иштей турганы кабарланган.

Басылма жыйынтыктап, "Дастан Бекешевди кемсинткен Садыр Жапаров аттуу Фейсбук колдонуучусу фейк эмес" деген бүтүмгө келген.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана билдирүүнү президент жазбаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Simels
2021-03-04 13:15:49
Фатчекке киши ишенеби ??? Президент антип жазмак эмес. Аны жаман көргөзгүсү келген эл бузарлардын иши бул!
Хакерлер аккаунт эмес чоң дүйнөлүк сайттарды взлом кылышат!
+4
ninja82
2021-03-04 13:19:19
Президент мынчалык томонго тушмок беле,Садыр жазганына ишенбейм.
+4
okumushtuu
2021-03-04 13:28:46
Жакшы соз жазса Садыр озу колдонот, жаман соз жазса эле башка бироо фейк сейк кейк хакер маакер саакер болуп кетеби э. Ай ушу биз прездентке жарыбадык. Элдин турмушу онолуп, биздин олкого озбекстандан тажикстандан мигранттар келип иштеп калган кун болооор бекен э. Туштук кореядай болуп башка олкого барып кыргыз тилин уйортуп уйронуп калгандары биздин олкого келип мигрант болоор кун кайда. Дубайдай болуп кунуно миндеген туристтер келип биздин олкого келем деген адамдар очередде турар кун болор бе
+1
Mirlan27011987
2021-03-04 13:31:24
Тагдырдан кор болгон адам гана башканы да басмырлайт.
-2
bond02
2021-03-04 13:32:30
Эртен бироону кармап эл алдына кечирим суратып коет ошо менен бутту бул иш да.
0
modem4999
2021-03-04 13:53:54
Фейсбук компаниясынан тактаса болот деп атышат тугунгондор
+2
Mister-XXX
2021-03-04 16:59:32
Билбейм,Садыр Жапаров минтип жазганына ишенбейм.
0
bayern-munchen
2021-03-04 18:30:20
ушул Адаханчылар президент Жапаровду жамандап буто албай койдунар эх элим пейилибизди качан онойбуз биро 500 сом берсе кыйкырып митинге чыгабыз азыр кыйкыргандын баары эле саясатчы болуп алды бомжу деле жашы деле карысы деле андан коро Жапаровко убакыт берип калганыбыз оз жумушубузду кылбайлыбы Жапаров олкобуз оор кырдаалда мамлекет олко башына келди эми ал киши колдоп койолу да эми ар бир адам адашат кичине жанылуусун тоодой кылып жибергендер дагы булар ушакчы журналистер и жалданма блогерлер
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан