"Спиртти сууга аралаштырып ичкенин айтышкан". Аксыдагы массалык уулануудан 6 адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып, 3 адам каза болсо, дагы бир жаран оор абалда жатканы кабарланган. Саат 13:20га карата Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен массалык уулануу боюнча маалымат беришти.

"Бүгүн, 4-мартка карата таңкы саат 03:00дөн саат 04:30га чейинки аралыкта Аксы районундагы аймактык ооруканасына тамакка ууландык деп 4 жаран кайрылган. Алардын үчөө көрүлгөн чараларга карабай каза болуп, бир бейтап дарыланууда. Абалы орто оор.

Мындан тышкары дагы 3 жаран үйүндө каза болгон. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча, 2-мартта саат 13:30дан саат 16:30га чейинки аралыкта Кара-Суу айылынын 19 тургуну кафеден түштөнүшкөн. Бейтаптардын айтымында, алар салат, беш бармак жана сууга аралаштырылган спиртти ичишкен.

Учурда массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык тергөө башталып, уулангандар менен чогуу тамактанган башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилет", - дешти мекемеден.

Айыл эли 7 адам каза болгонун айтышууда. Бирок милиция 3 адам болгон десе, айыл өкмөт 5 адам деп берди. Айылдык кеңешке талапкерлигин койгон адам чай берип, тургундар ошондон ууланганын азырынча расмий тараптар тактай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2021-03-04 13:38:48
Айылдык кенешке депутаттыкка кандидаттар жонундо айтпайсынарбы.
+4
Kubat77
2021-03-04 14:43:19
Русланга рахмат айтсанар болот кара суулуктар .
-1
aizbek
2021-03-05 02:01:04
Ушул айылдык кенешке депутат дегенди жоюп эле салса болмок,президент депутат партия шайлоодон кийин элдин бири бирине болгон мамилеси бузулуп атат,кошунасы бироого угуттосо наркы кошунасы башкасына угуттоп ынтымакты бузуп атат,анан ушундай нерселер болуп атат, болунуп болунуп чай ичишет ким кимди шайлай турган болсо,окуп аткандар силер дагы ушундай окуяларды байкап атасынарбы
+2
karapayim
2021-03-05 12:45:15
Аксыда дагы деле сууга спирт кошуп ичишеби? Азыр бомждар деле антип ичпейт го, даяр арак сатып алып ичет)))
0
aiba_00
2021-03-05 13:55:17
Жаман окуя болуптур,ичимдиги жок кылса деле болмок экен. Колдукторду эле коп ичет дей беришет туштук жакта чайнеке куюп алып эле шынгыта беришет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан