Ысык-Көл облусунун Түп районунда 7-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2-мартта болгон.
"Түп районунун Михайловка айылынын тургуну, 13 жаштагы окуучу сарайында асынып алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды. Бала ата-энеси менен бирге жашайт, эч кандай мигрант эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.