Биз социалдык тармакта

"Айлык маянаны көтөрүп бериңиз, эмне бул ушунчалык татаалбы?". Дарыгердин Садыр Жапаровго кайрылуусу талкуу чордонунда (видео)

Социалдык тармакта дарыгер Бахтыяр Абсаматов президент Садыр Жапаровго кайрылган видеосу талкууга алынууда. Анда дарыгер медицина кызматкерлеринин айлык маянасы аз экенин, жадакалса маяна өз убагында берилбестигин айткан.

"Урматтуу Садыр Жапаров, сизге кайрылууга туура келди. Мен №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгеримин. Февраль айында 10 миң 100 сом айлык алдым. Анын ичинен мэриядан 1 600 сом которулса, базалык оклад 5 миң сом турат. Ал эми көрсөткүчтөр боюнча кошумча төлөм 5 миң 500 сом. Ал эми 30 жылдык тажрыйбасы бар дарыгердин маянасы 10 миң 300 сомду түзөт.

Кошумча төлөмдөр ай сайын кечигүү менен төлөнүп жатат. Январь
айынын маянасы февралдын 28инде түштү. Ал эми февраль айынын айлык акысын марттын 25инен кийин которушат. Маяна толук бир ай кечигип берилүүдө. Эмне үчүн мындай болуп жатканын бизге эч ким түшүндүрбөй жатат.

Медицина кызматкерлеринин базалык айлык маянасын көтөрүп бергилечи. Эмне бул ушунчалык татаалбы?

Урматтуу президент, бул маселени карап берүүңүздү абдан суранабыз. Мындан сырткары эмгек өргүүсүнө чыккан кызматкерлердин акысын дагы айта кетейин. Башка кызматта иштегендер эмгек өргүү акыны маянасынан эки эсе көп алышат. Ал эми бизде тескерисинче айлыкты аз алып калабыз. Мындай көрүнүш 10 жылдан бери уланып келүүдө. Буга дагы эч ким түшүндүрмө бербей келет", - деген ал.

Эске салсак, буга чейин депутат Айнура Аскарова медицина кызматкерлеринин айлыгы кайсы булактан көбөйтүлө турганын сураганда, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Финансы министрлиги азыр каражат жок деп билдиргенин айткан.

Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарында кыргыз мигранттары менен жолугушуп, жакын арада саламаттыкты сактоо тармагындагы айлык маянаны көтөрүү ниети бар экендигин билдирген.

Дарыгер Бактыяр Абсаматовдун президент Садыр Жапровго кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asad9
2021-03-04 17:07:43
Мамлекет башына билимдүү, патриот адамдар келмейин айлык көтөрүлбойт. Эгер айлыгыңды көтөрсө светти, сууну, тамак ашты кымбаттатат
+1
nazira...
2021-03-04 17:10:47
Шүгүр кылгылачы. Болгон сайын жулкунасынар да.
-1
bayern-munchen
2021-03-04 18:17:18
ушул врачтар деле бетинер жок экен тим эле кыйратып койгондой айлыкты котор деп левый кылып айлыгынардан 3 эсе коп акча табасынар эмне силер учун тонналап алтын берсе деле тойбойсунар больницага барсан пациентке жакшы мамиле жасабайсынар орондоп корс суйлойсунор ушул медицинага деле реформа жасаш керек патриот элим учун иштейм деген жумушсуз медиктер толтура ошолорду жумушка алып мындай шугур кылбаган медиктерди жоготуш керек
+7
Agayu
2021-03-04 18:57:56
Башта айтпайт белен : кыйын эмес экенин билет экенсин. Жэ башта коп алып журдун беле ? Тооба ушул бизди суйлотуп эле койсо .Эки жакты карабай суйлошот го чиркин .
+2
Diyana
2021-03-05 00:20:21
Бети жок эле болуп баратышатго булар. Акчасы жок эч кимди карашпайт, акчан жок болсо олуп кете бересинда мындайча айтканда. Ушинтип айылда, иштебей4-5баласы мн уйдо, болор болбос пособиесин кутуп отурган келиндер айтса жарашат.
0
Aiymkunumjyldyzym
2021-03-05 09:17:39
Берки президенттерден эмнеге ушинтип талап кылган эмес эленер.4 президентти Жапаровдон талап кылгандай жарга такаганда болмок экен.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан