Жалал-Абад облусунун Аксы районунда массалык уулануу боюнча облустук милиция маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 4-март күнү таңкы саат 07:15 чамасында Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери кайрылып, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын 3 тургуну оор абалда, болжолдуу диагнозу “уулануу” менен кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын билдирген.
"Аталган факты боюнча Аксы РИИБинин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу окуя болгон аймакка барып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала алынган ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү саат болжол менен 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. аттуу тургун буюртма берип, өзүнүн жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрам кылып берүү үчүн Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынан турган 15 чакты адамды чакырган. Чакырылган жерге 19 адам барган. Ал жерде туугандар өз ара майрамдап отурушкан. Отурган жеринде тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген.
Отуруштан болжол менен саат 16:30да тарап кетишкен. Эртеси, тактап айтканда 3-март күнү кечинде болжол менен саат 23:00 чамасында отурушка барган алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилип, ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлгөн. Абалдары оор болгондуктан жолдомо менен Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн. Алардын үчөө жолдон, үчөө ооруканага келген соң каза болгон.
Бул факты Жазык кодексинин 280-беренеси "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.