Чүйдө чет жактан келген унаа мыйзамсыз катталганы аныкталды. Шектүү кармалды

Ысык-Ата райондук "Унаа" мамлекеттик мекемесинде 2002-жылы чыгарылган "Volvo FH12 420" жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Жүктүн бажы декларациясы боюнча, жогорудагы жүк ташуучу унаа жана прицеп Литвадан келген. Бирок Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат базасында бул унаанын бажы жагынан таризделиши жөнүндө маалымат жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген материалдык зыян 1 миллион 315 миң сомдон ашык суммага бааланган", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга шектелип Ысык-Ата районунун тургуну 1968-жылы туулган А.Н. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул мыйзамсыз ишке башка адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан