Бишкек шаарында баңгизаттар менен камсыз кылуучу жашыруун каналдын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды жеткирүү боюнча жашыруун канал табылган. Анда белгисиз адамдар баңгизаттарды өзгөчө ири өлчөмдө жайылтуу жана сатуу менен алектенишкени аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Иликтөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 1988-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда полиэтилен баштыкка салынган салмагы 1 килограмм 425 граммды түзгөн баңгизат табылган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.