Быйылкы жазгы талаа иштерине 39 миң тонна күйүүчү май керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
"Быйылкы жазгы талаа жумуштарына 39 миң тонна күйүүчү-майлоочу каражаттар керек. Анын 60 пайызга жакыны азыркы тапта бизде бар", - деди ал.
Муну менен катар министр быйыл да суунун запасы аз болорун билдирди. "Чарба аралык каналдарды сөзсүз оңдоп, сууну үнөмдүү пайдаланышыбыз керек", - деп кошумчалады.