Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун аккаунтунан социалдык тармакта жазылган комментарийине жооп кайтарды.
Анда ал "Көзүм сокур болсо да, көөдөнүм сокур эмес" деген жазуусу бар свитер кийип түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Белгилей кетсек, кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун 1-окууда талкуулаган.
Анда депутат Дастан Бекешев жаңы Конституция элдин шору экенин айтып, Баш мыйзамда туура эмес эрежелер бар экенине токтолгон.
Бул видео социалдык тармакка жарыялангандан кийин видеонун алдына президент Садыр Жапаровдун баракчасы төмөнкүдөй "Көзү эле эмес, көөдөнү сокур киши экен бул акмактын-помощник" деген комментарий калтырган.
Чуулгандуу комментарий боюнча президенттин басма сөз катчысы
Галина Байтерек SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү
билдирген.