Биз социалдык тармакта

Депутат Таласта бир дагы төө буурчак үрөн чарбасы жок экенин айтты

Депутат Кенжебек Бокоев Таласта бир дагы төө буурчак үрөн чарбасы жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Талас облусунда толугу менен төө буурчак айдалат. Толугу менен төө буурчак айдаган Талас облусунда бир дагы төө буурчак үрөн чарбасы жок. Өкмөттү бул маселени чечүүгө чакырам", - деди ал.

Жогорку Кеңеште 2021-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү талкууланды. Анда сапаттуу үрөн, жер семирткич, техника жана сугат суу менен камсыздоо маселелери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан