Биз социалдык тармакта

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева тартип комиссиясынын чечими мыйзамсыз экенин билдирди

Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясынын чечимине карата Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева комментарий берди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.

"Мени кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим мыйзамсыз деп эсептейм, анткени эмгекке жарамсыздык баракчасын берип жана бул маселени менсиз карабоону суранган билдирүүгө карабастан, жыйын менин катышуумсуз өттү. Мындан тышкары, чечимдин бат кабыл алынышы түшүнүксүз, ал эми мыйзамда төрт айлык мөөнөттө кароо каралган. Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет", - деп билдирген Калиева.

Бүгүн Тартип комиссиясы Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан