Мамлекеттик органдарына жумушка орношууга жардам берем деп убада кылган жаран УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 50 миң сом суммасында акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда Кыргыз Республикасынын жараны А.Б. кармалган.
Кармалган адам УКМКнын төрагасынын жана президенттин жакын туугандары менен тааныштыгына жамынып, 15 миң АКШ долларына мамлекеттик органдардагы жетекчи кызматтарга дайындоо маселесин чечип берүүнү убада кылгандыгы аныкталган.
Ошол эле учурда арыз ээсинен алдын ала төлөм катары 1000 АКШ долларын алган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарга республиканын жогорку жетекчилиги менен байланыштын артына жашынып, мамлекеттик органдарда ар кандай кызматтарда жумуш табууга убада берген адамдар шылуундар экендигин эскертет.