Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр-Арал жолунун абалы өтө начар экенин айтты.
"Аны оңдоо иши жыл сайын айтылганы менен, алгылыктуу иштер башталбай келет. Мына жаз келе жатат. Табияты катаал аймакта жол көйгөйү дагы курчуйт. Суу жууп, араң турган жол дагы талкаланат. Жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөн. Бирок каражат качан чечилери белгисиз. Андыктан өкмөт аталган маселеге кайдыгер карабай ишти тездетиши керек", - деди депутат.